Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Шойгу Кыргызстан менен Тажикстанды ар кыл коркунучтарга даяр турууга чакырды


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кыргызстанды жана Тажикстанды ар кыл коркунучтарга даяр турууга чакырды. Бул тууралуу Шойгу Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугушууда билдиргенин орусиялык “РИА Новости” агенттиги жазып чыкты. Анда орус коргоо министри Ооганстандан эл аралык коалициянын күчтөрү чыккан соң бул эки өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туулушу мүмкүн экенин билдирип, өз армияларын жана бул өлкөлөрдөгү орус аскерий базаларын чыңдоого үндөгөн.

Учурда Кыргызстанда Орусиянын төрт аскерий объекти бар. Алар: Канттагы авиабаза, Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор.

Бул боюнча 2012-жылы жаңы келишим кабыл алынып, ага ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объекттери бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG