"Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровдун адвокаты шаардык сотко кайрылат. Бул тууралуу адвокат Владислав Лужанский “Азаттыкка” билдирди. 23-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жапаровдун иши уланган. Анда адвокат Лужанский Жапаровго козголгон иш мунапыска дал келерин билдирип, аны кыскартууну соттон суранган. Бирок судья Абдыразак Боронбаев бул өтүнүчтү канааттандырган жок.
Ошого байланыштуу Лужанский шаардык сотко доо арыз менен кайрылганы жатат.
Башкы прокуратура Дилгер Жапаровго 29-майда кылмыш иш козгогон. Ал “Кумтөр Голд компани” ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз “Центерра Голд” компаниясына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыпталууда. (BkA)