Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

ЖККУ террордук уюмдарга катышкан жарандарды жазалайт


Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөлөрү террордук уюмдардын катарында согушкан жарандарды жазага тартат. Бул тууралуу 23-декабрдагы Москвадагы жыйындан соң уюмга мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсүндө айтылат. Анда ЖККУга мүчө өлкөлөр эл аралык террордук уюмдардын тарабында согушуп, өз өлкөсүнө кайткан жарандарга карата биргелешип чара көрөрү айтылган. Мындай террорчул уюмдар катары “Ислам мамлекети”, “ал-Каиданын” ар кыл түзүмдөрү жана “Жебхат ан-Нусра” аталган. Мындан сырткары Ооганстандан тараган диний экстремизмге да тынчсыздануу билдирилген.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын 150дөн ашык жараны Сириядагы согушка катышып, сегизи ошол жакта каза тапкан. Ал эми Казакстандан Сирияга кеткендердин саны көп экени айтылып, ал тууралуу интернетке тасма да чыккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG