Украинанын “Нафтогаз” ишканасы орусиялык “Газпромго” газ үчүн 1,65 миллиард долларды төлөп берди. Бул тууралуу украиналык компания маалымат таратты.
Быйыл октябрда Киев, Москва жана Евробиримдик Украинага газ берүүнү жандантуу боюнча келишимге кол койгон. Ага ылайык, Украина 3,1 миллиард доллар карызды эки бөлүп төлөп бериши керек болчу.
Ноябрдын башында 1,45 миллиард долларды которгон. Эки өлкө ортосундагы мамиле начарлагандан тарта орус бийлиги газ үчүн алдын ала төлөөнү талап кылып жатат. Буга байланыштуу декабрдын башында украин өкмөтү 378 миллион долларды алдын ала которгон болчу. Ага чейин алты айга жакын Киевге газ берүү токтотулган эле.