Биринчи май райондук соту 18-октябрда өткөн Улуттук университеттин ректор шайлоосун жараксыз деп тапты. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты. Ректорлукка талапкерлер Айылчы Сарыбаев жана Нурзак Асанбеков шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун жүйө келтирип сотко кайрылышкан. Биринчи май райондук соту Асанбековдун арызын канааттандырып, шайлоо жыйынтыгын мыйзамсыз деп тапты.
Шайлоодо Сарыбаев жашы өтүп кеткен деген жүйө менен талапкерлер тизмесинен чыгарылган. Ал эми Асанбеков шайлоодо ат салышкан, бирок добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып келет.
Улуттук университеттин ректорун шайлоо 18-октябрда өтүп, 15 талапкер катышкан. Жыйынтыгында 214 добуш менен Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев жеңип чыкканы жарыяланган. (UEz)