Бүгүн парламентте чет жердин жарандыгын алгандардын Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарында иштөөсүнө тыюу салуу ченеми 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзамдын демилгечиси Кожобек Рыспаевдин айтымында, эгер башка жарандыгы барлар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга иштегиси келсе, башка өлкөнүн жарандыгынан чыгып, кыргыз жарандыгын алуусу керек. (UEz)