Билим берүү министри Элвира Сариева Улуттук университеттин ректор шайлоосун жокко чыгарган райондук соттун өкүмү боюнча жогорку инстанцияга арызданарын билдирди. Министрдин айтымында, учурда мекеменин юристтери доо арызды даярдап жатышат.
- Сот чечими боюнча жогорку инстанцияларга кайрылабыз. Ага чейин ректордун милдетин убактылуу проректор аткарып турат, -деди Сариева.
Кечээ, Биринчи май райондук соту 18-октябрда өткөн Улуттук университеттин ректор шайлоосун жараксыз деп тапкан. Ректорлукка талапкерлер Айылчы Сарыбаев жана Нурзак Асанбеков шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун жүйө келтирип сотко кайрылышкан. Райондук сот Асанбековдун арызын канааттандырып, шайлоо жыйынтыгын мыйзамсыз деп тапты.
Шайлоодо Сарыбаев жашы өтүп кеткен деген жүйө менен талапкерлер тизмесинен чыгарылган. Ал эми Асанбеков шайлоодо ат салышкан, бирок добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып келет.
Улуттук университеттин ректорун шайлоо 18-октябрда өтүп, 15 талапкер катышкан. Жыйынтыгында 214 добуш менен Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев жеңип чыкканы жарыяланган. (UEz)