Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Парламент Кумтөр маселесин жаңы жылда карайт


Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өкмөт Кумтөр маселеси боюнча канадалыктар менен сүйлөшүүлөр кызуу жерине жеткенин айтып, маселени жаңы жылдан кийин кароону өтүнүп, парламентке кат жолдогон.

“Центерра Голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соңку үч күндүк сүйлөшүү 19-декабрда аяктаган. Сүйлөшүү DLA Piper эл аралык укуктук компаниясынын Москвадагы кеңсесинде телекөпүрө форматында өткөн. Жогорку Кеңеш быйыл жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Кыргыз өкмөтү биргелешкен ишкана декабрда түзүлөт деп убада кылган.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов мындан мурдараак канадалыктар кыргыз өкмөтү көнбөй турган юридикалык талаптарды коюп жатканын билдирген. Өлкө башчысы Атамбаев да Кумтөрдү улутташтыруудан башка жол калбаганын айтып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG