Беларус борборунда бүгүн кайра жандануучу сүйлөшүүлөргө Орусия, Украинанын жана ЕККУнун чабармандары, ошондой эле козголоңчулардын өкүлдөрү чогулушу керек.
Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки акыркы айлампасы сентябрда болуп, анда ок атышууну токтотуу, ага катар Украинанын чыгышынын жикчилер көзөмөлдөгөн аймактарга үч жылга өзүн-өзү башкаруу укугун берүү жагы макулдашылган.
Бирок ал макулдашуулар аткарылбай эле, андан берки атышуулардан 1000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.
Кечээ украин парламенти өлкөнүн бейтарап, эч бир блокко кошулбоо макамын жоюп, НАТОго мүчө болуу багытын белгиледи. Орусия бул кадамды “өзүн-өзү алдоо” деп кескин сынга алды. (UE)