Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов аймакта өтүп жаткан митингдерди он чакты эле адам уюштуруп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, электр баасынын кымбаттаганын жалпы эл түшүнүү менен кабыл алган.
- Митингдердин артында саясий күчтөр бар экени байкалып турат. Болбосо жалпы эл энергетикалык кризисти түшүнүп турат. Албетте арасында кыйналгандар жок эмес. Бирок митингди он чакты эле адам уюштуруп жатат. Муну тиешелүү органдар текшериши керек, - деди Аманбаев.
Бүгүн, электрдин кымбатташына нааразы эл Нарын облустук драма театрынын алдына митингге чыгышкан. Нааразы элге энергетика министри Кубанычбек Турдубаев, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов өлкөдөгү энергетикалык кризисти түшүндүрүүгө аракет кылганы менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок. Митингдин катышуучулары коюлган маселелерди чечүү үчүн бийликке 15-январга чейин убакыт берди, эгер талаптар аткарылбаса, мөөнөтсүз акциялар уланарын айтууда.
Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандарга 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган. Митингге чыккандар суукка байланыштуу электр энергияны лимиттен ашык пайдаланып жатышканын жана кымбат баада төлөөгө шарты жок экенин айтууда. Нарындыктар ушул эле талаптар менен 17-декабрда митингге чыгып, маселени чечүү үчүн бийликке бир жума мөөнөт беришкен болчу. (UEz)