Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Минскте Украина боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Минскте жабык сүйлөшүүлөр өтүп жаткан жай. 24-декабрь, 2014-жыл.
Минскте жабык сүйлөшүүлөр өтүп жаткан жай. 24-декабрь, 2014-жыл.

Беларус борборундагы сүйлөшүүлөр бүгүн кечке жуук гана баштала алды.

Ага Орусия, Украина, ЕККУнун чабармандары, ошондой эле орусиячыл жикчилердин өкүлдөрү чогулду.

Анда Украинанын чыгышында ок атышуунун биротоло токтошуна жетишүүнүн жолдору талкууланышы керек.

Дипломаттар жыйынтык макулдашууга 26-декабрда кол коюлабы деп үмүт артышууда.

Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки акыркы айлампасы 5-сентябрда болуп, анда ок атышууну токтотуу, ага катар Украинанын чыгышынын жикчилер көзөмөлдөгөн аймактарына үч жылга өзүн-өзү башкаруу укугун берүү жагы макулдашылган.

Бирок ал макулдашуулар аткарылбай эле андан берки атышуулардан, БУУнун эсебинде, 1300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.(UE)

XS
SM
MD
LG