Энергетика жана өнөр жай министрлиги Нарын облусунун тургундарына кошумча компенсация төлөп берүү менен талаптарын аткарууну сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Азырынча компенсацияны кандай негизде төлөөнүн жол-жобосу сунуштала элек.
Шаршембиде Нарындын 300гө жакын тургуну электр баасын арзандатууну талап кылып, нааразылык акциясына чыгышкан. Алар электр энергиясынын мурдагы тарифин кайтарууну талап кылышкан.
11-декабрга чейин керектөөчүлөр 1 кВт саат электр үчүн 70 тыйындан төлөп келген. Ал эми жаңы тарифке ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандарга 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган.
Нааразылыкка чыккандар менен энергетика министри Кубанычбек Турдубаев жолукту. Бирок сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок. Митингдин катышуучулары коюлган маселелерди чечүү үчүн бийликке 15-январга чейин убакыт берип, эгер талаптар аткарылбаса, мөөнөтсүз акциялар уланарын эскертишти.(BkA)