Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

“Манас” аэропортуна чет элдик инвестор тандала элек


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Бул тууралуу аэропорттун вице-президенти Дайыр Токобаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аэропортту эл аралык хабга айландыруу долбооруна чет өлкөлүк сегиз компания сунуш берген. Алардын арасында орусиялык “Роснефть” ишканасы менен байланышы бар “Новапорт” жана “Роснано" компаниялары, кытайлык CMEC менен CAMCE, түркиялык TAV Airports Holding менен Сhelebi ишканалары. Мындан сырткары Казакстандан “Ынтымак-91” жана Молдованын «Авиа Инвест» компаниялары бар.

24-октябрда келип түшкөн сунуштар боюнча Бишкекте жыйын өтүп, бир чечим кабыл алынган эмес. Анда бул сунуштарды карап чыгууга өкмөт алдындагы координациялык кеңешке тапшырма берилген.

Токобаев координациялык кеңеш кийинки жылдын февралына чейин чечим кабыл алууну мерчемдеп жатканын билдирди.

“Манасты” эл аралык транспорттук түйүнгө айлантуу маселеси бул жактан АКШнын Жүк ташуучу транзиттик борбор чыгарылган соң көтөрүлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG