Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Минскиде Украина боюнча сүйлөшүүлөр аяктады


Минскиде Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы аяктады. Ага Орусия, Украина, ЕККУнун чабармандары жана орусиячыл жикчилдердин өкүлдөрү катышты.

Беш сааттан ашык убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн эч кандай жылыш байкалган жок.

Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки акыркы айлампасы 5-сентябрда болуп, анда ок атышууну токтотуу, ага катар Украинанын чыгышынын жикчилер көзөмөлдөгөн аймактарына үч жылга өзүн өзү башкаруу укугун берүү жагы макулдашылган.

Бирок ал макулдашуулар аткарылбай эле андан берки атышуулардан, БУУнун эсебинде, 1300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Ал эми өлкө чыгышындагы окуялардан жалпысынан 4700дөн ашык адам набыт кетти.

Ушул апта башында Украинанын парламенти бейтарап өлкө деген макамын жойду жана НАТО менен Евробиримдикке мүчө болуп өтүүнү Украинанын максаты деп бекитти.

XS
SM
MD
LG