Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:51

Путин арактын баасын көзөмөлдөөнү тапшырды


Путинка арагы.
Путинка арагы.

Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөткө өлкөдөгү экономикалык кризис убагында аракка болгон баанын көтөрүлүшүн көзөмөлгө алууга буйрук берди. Өкмөт мүчөлөрү жана губернаторлор катышкан жыйында Путин арактын кымбат болушу калктын сапатсыз жана мыйзамсыз ташылып келген алкоголду ичишине себеп болуп жатканын билдирди.

Орусияда жүргүзүлгөн иликтөөгө таянып Reuters агенттигинин жазышынча, өткөн жылы өлкөдөгү эркектердин төрттөн бири 50 жашка чыкпай каза болору белгилүү болгон. Мындай кырдаалдын негизги себептеринин бири катары алкоголдук ичимдиктерди көп колдонуу көрсөтүлгөн.

Учурда Орусия оор экономикалык абалда турат. Украинанын чыгышындагы абалга байланыштуу санкциялар жана дүйнөлүк базардагы мунайдын баасынын арзандашы өлкө улуттук валютасы рублдин нарксызданышына алып келди. Акыркы убакта Орусияда арактын баасы 30 пайызга жогорулаган.

XS
SM
MD
LG