Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

АКШ Иорданиянын учагын согушкерлер атып түшүргөнүн четке какты


АКШ Иорданиянын аскердик учагын “Ислам мамлекети” тобу атып түшүрдү деген маалыматты жокко чыгарды. F-16 үлгүсүндөгү учак менен 24-декабрда Сириянын Ракка шаарына жакын жерде байланышүзүлгөн.Ракка Сириянын түндүк-чыгышында "Ислам мамлекети" тобу өзүнүн борбору катары жарыялап алган шаар. Мындан соң "Ислам мамлекетинин" согушкерлери аталган учакты ракета менен атып түшүргөнүн айтып, анын учкучу делген 26 жаштагы Муаз Сафи Юсуф ал-Касебех аттуу адамдын сүрөтүн жарыялаган. Бирок АКШнын аскерий өкүлдөрү бул маалыматты четке кагып, учактын атып түшүрүлгөнү боюнча эч кандай далил жок экенин билдиришти.

АКШ жана анын араб өнөктөштөрү Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккуларын сентябрда баштаган. Иордания да коалицияга кирген. Буга чейин коалициянын бир да учагы атып түшүрүлгөн эмес. Ал эми Сирия жана Ирак армиясынын бир нече учагын согушкерлер атып түшүргөн.

XS
SM
MD
LG