Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

26-декабрда өлкө аймактарында кар жаайт


26-декабрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5 градус жылуу;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…4;

Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;

Нарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -8…-13 градус болот.

26-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3° суук, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG