Алматы соту шаршембиде кечинде шаардык бийликтин өтүнүчү менен оппозициялык ADAM bol ("Адам бол") журналын жапканы тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы билдирет. Басылманын кызматкерлеринин бири редакция сот чечимине арызданарын жана коомчулукка, эл аралык институттарга кайрыларын билдирет.
Сөз эркиндигин коргогон “Адил сөз” фонду соттун чечими айыпкерлерди катыштырбай, мыйзам бузуу менен чыкканын белгилейт.
Оппозициялык журналдын жабылышына 29-августтагы санына жарыяланган «Бөтөн согуштагы биздикилер» деген материал негиз болгон. Эксперттер Киевде жашаган саясий качкын Айдос Садыковдун маегин агитация жана согушка үндөө деп табышкан.
ADAM bol журналын жабуу чечимин райондук сот 20-ноябрда кабыл алган. Басылманын каттоосу жокко чыгарылып, жаңы саны камакка алынган. Журналдын кызматкерлери менен жактоочулары анын жабылышы саясий негизде экенин айтышат.