Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Депутат Аманбаевага козголгон кылмыш иш сотко өттү


Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага козголгон иш тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта сот башталат.

Башкы прокуратура Урмат Аманбаеваны Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда эсепчи болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Аманбаева козголгон кылмыш ишинен улам саламаттыгы начарлаганын айтып, учурда ооруканада дарыланууда. Ал эми депутат менен бирге айыпталган Ош шаарындагы кургак учукка каршы борбордун мурдагы башкы дарыгери Акылбек Байсалов 11-декабрда табышмактуу жагдайда өз жанын кыйган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG