Иордан бийлиги “Ислам мамлекети” тобунун колуна түштү деген учкучту бошотуу үчүн бардык аракетти көрөрүн убада кылууда. Өлкөнүн аба күчтөрүнө таандык F-16 үлгүсүндөгү учак менен 24-декабрда Сириянын Ракка шаарына жакын жерде байланыш үзүлгөн.
Ракка Сириянын түндүк-чыгышында "Ислам мамлекети" тобу өзүнүн борбору катары жарыялап алган шаар. Мындан соң "Ислам мамлекетинин" согушкерлери аталган учакты ракета менен атып түшүргөнүн айтып, анын учкучу деген 26 жаштагы Муат Касеасбех аттуу адамдын сүрөтүн жарыялаган. Бирок АКШнын аскерий өкүлдөрү бул маалыматты четке кагып, учактын атып түшүрүлгөнү боюнча эч кандай далил жок экенин билдиришти. Азырынча учкучтун тагдыры тууралуу маалымат жок.