Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Киев жана жикчилдер туткундарды алмашат


Украин өкмөтү жана орусиячыл жикчилдер бардык туткундарды алмашат. Мындай келишим Чыгыш Украинада урушту токтотуу боюнча 24-декабрда Беларустун байтакты Минскиде өткөн сүйлөшүүдө макулдашылды.

150 аскер жана 225 козголоңчуну алмашуу келишими Украинанын, Орусиянын, жикчилдердин жана эл аралык байкоочулардын өкүлдөрү катышкан сүйлөшүүнүн башкы жетишкендиги болгонун билдирди 25-декабрда Украинанын коопсуздук кызматынын өкүлү М. Лубкивски. Бул маалыматты жикчил Донецк жана Луганск облустарынын лидерлери Александр Захарченко жана Игорь Плотницкий да тастыкташты. Сүйлөшүүнүн 26-декабрга мерчемделген экинчи айлампасы болобу же жокпу белгисиз.

XS
SM
MD
LG