Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

Мэрия борбордук аянттагы балатыны кайрадан кооздоду


Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ала Тоо аянтындагы балатыга бүгүн кошумча дагы 300дөн ашык оюнчук илинди. Ошентип балатыны кооздоого 427 миң сом жумшалды. Ал эми борбордук аянттагы имараттарды, бак-дарактарды кооздоп, жаңы жылга карата жарыктандыруу үчүн 2,5 млн. сом кеткен.

Айрым шаар тургундары быйылкы балаты жылдагыдан начар кооздолгонуна, андагы оюнчуктардын аздыгына нааразы болушууда. Ушул себептүү жарандык активисттер 27-декабрда “Өзүбүз кооздойбуз” деген иш-чара өткөрүп, балатыны өз алдынча кооздоону пландап жатышат. (UEz)

XS
SM
MD
LG