Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Кытай: Ланчжоу-Үрүмчү ортосунда тез жүрчү поезддер каттай баштады


Кытайдын түндүк батышындагы Шинжаң провинциясына коңшулаш Гансу провинциясы менен туташтырган ылдам каттачу поезддердин жолу ачылды.

Өкмөттүк булактардын маалымдашынча, 26-декабрда таң эртең менен Гансунун административдик борбору Ланчжоудан Шинжаңдын байтакты Үрүмчүнү көздөй жана Үрүмчүдөн-Ланчжоуну карай тез жүрчү поезддер эки мүнөт айырма менен жүрүп кетишкен.

Ланчжоу -Үрүмчү арасындагы 1800 чакырымдай жолду поезд саатына 250 чакырым ылдамдык менен басып өтөт деп мерчемделүүдө. 2017-жылы Бээжин-Ланчжоу ортосундагы экинчи тез каттам бүтсө, Бээжинден Үрүмчүгө мурдагы 41 сааттын ордуна 16 саатта жетүү мүмкүн болуп калат.

XS
SM
MD
LG