Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Украин өкмөтү менен жикчилдер ортосундагы сүйлөшүү болбой калды


Бул жөнүндө Беларус бийликтери кабарлады. Украинанын, Орусиянын, жикчилдердин жана эл аралык байкоочулардын өкүлдөрү катышкан сүйлөшүү 26-декабрда Минск шаарында болору мурда маалымдалган эле.

Украин өкмөтү береги жолугушууда өлкө чыгышында орусиячыл козголоңчулар менен апрелден бери жүрүп жаткан урушту токтотуу жөнүндө корутунду келишимге кол коюлат деген тилекте эле. Украинанын коопсуздук кызматынын өкүлү М. Лубковский сүйлөшүү жакында улантылат деп, башка маалымат бербеди.

24-декабрда расмий Киев жана жикчилдер туткундарды алмашалы деп макулдашкан. Ага ылайык, 20-декабрда 150 аскер жана 225 козголоңчу алмаштырылат. Бул маалыматты жикчил Донецк жана Луганск облустарынын лидерлери Александр Захарченко жана Игорь Плотницкий тастыкташты.

XS
SM
MD
LG