Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

Чыгыш Иерусалимде Израилдин полициячылары бычакталды


Иерусалимдин Эски шаарында израилдик эки полиция кызматкерин палестиналык бычактап кетти.

Израил полициясынын билдиришинче, черүүдө жүргөн полициянын бири моюнуна бычак жесе, экинчиси колунан жараат алган. Аларга кол салган палестинди Чыгыш Иерусалимдин полициясы издөөдө. Окуя Иерусалимдин ыйык бөлүгүндө мусулмандар жума намазды окуп, мечиттен чыгып бараткан кезде болгон.

Эки полиция кызматкери госпиталга жаткырылды. Акыркы айларда Чыгыш Иерусалимде, анын ичинде Эски шаарда Израил полициясы менен палестиндер көп аразадашчу болгон.

XS
SM
MD
LG