Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.
Ал ошондой эле соңку жылдары өлкөдө митинг өңдүү нааразылык акциялар үч эсе азайганын, түндүк-түштүк кошумча жолу курулуп жатканын, ал азыркы жолго караганда алда канча коопсуз экенин айтты. Мындан сырткары энергетика тармагында улуттук долбоорлор ишке ашып жатканын белгиледи.
Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө президент өтүп бараткан жылдын жыйынтыгы тууралуу кеп салып, журналисттердин суроолоруна жооп берет.
Жыйынга 130 жергиликтүү жана эларалык журналисттер катышаарын билдиришкен.