Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырова билдирди.
- Негизи депутаттын мандатын мөөнөтүнөн мурда алуу үчүн мыйзам боюнча соттун чечими же болбосо орчундуу негиздер керек. Ошол маселелерди карап чыгып, башкы прокуратуранын сунушуна эки жума ичинде жооп беребиз, - деди Баатырова.
Башкы прокуратура парламенттеги “Республика” фракциясынын мүчөсү Урмат Аманбаеваны Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда эсепчи болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыптап, кылмыш ишин козгогон.
Аманбаева козголгон кылмыш ишинен улам саламаттыгы начарлаганын айтып, учурда ооруканада дарыланууда. Ал эми депутат менен бирге айыпталган Ош шаарындагы кургак учукка каршы борбордун мурдагы башкы дарыгери Акылбек Байсалов 11-декабрда табышмактуу жагдайда өз жанын кыйган эле.
26-декабрда Аманбаевага козголгон иш тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөн. (МТо)