Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:33

АКШ жана ОБСЕ Азербайжандын ММКга каршы аракетине кабатыр


АКШ “Азаттыктын” азербайжан кызматынын Бакудагы кеңсесинин тинтилип, кызматкерлеринин суракка алынуусуна кабатыр.

АКШ мамдепартаментинин кызматкерлеринин бири Вашингтон азербайжан бийлигин “тергөөнү Азербайжандын эл аралык милдеттенмелеринин жана мыйзамдын чегинде ачык жүргүзүүгө жана ММКлардын эркиндигин коргоого чакырат” деп билдирди.

ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович полициянын “Азадлыгдын” кеңсесине жүргүзгөн рейдин “алгылыксыз” деп атап, “Азербайжанда сөз эркиндигине басым уланууда” деп билдирди.

Өлкөдө саясий негизде 100 чамалуу адам камакта отурат. Алардын арасында «Азадлыгдын» кабарчысы Хадижа Исмайлова, «Тынчтык жана демократия» институтунун директору Лейла Юнус, анын жолдошу жана кызматташы Ариф Юнус жана башкалар бар.

Мурдараак Азербайжанда IREX ("АЙРЕКС", 125 өлкөдө демократиялык реформалардын жүрүшүнө көмөк көрсөткөн уюм), Улуттук демократиялык институт жана Оxfam ("Оксфэм", 90 өлкөдө жакырчылык жана социалдык теңсиздик менен күрөшкөн уюм) аттуу үч бейөкмөт уюм жабылган болчу.

XS
SM
MD
LG