Өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор облустук балдардын “Ак-Жол” реабилитациялык борборуна быйыл 60 баланы алып келишкен. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган борбордун директору Эркингүл Саркарова билдирди.
- Борбордо 6-16 жашка чейинки тоголок жетим, жарым-жартылай жетим балдар жана социалдык жактан оор турмушта жашап, ата-энеси кароосуз калтырган өспүрүмдөр тарбияланат. Ошондой эле быйыл 43 баланын туугандарын таап, өз колуна тапшырдык.
Азыр мында 34 бала болсо, өткөн жылдын соңунда 17 бала болгон. (RsK)