Дамира Ниязалиеваны вице-премьер-министрликке бекиткен жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Эми ал социалдык тармакты көзөмөлдөйт.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланган.
Ниязалиева мурда Жогорку Кеңештеги социалдык саясат комитетин жетектеп келген. (МТо)