Бишкек шаардык мэриясынын аянттагы башкы балатысын сындап чыккан интернет колдонуучулар “Өз балатыбызды өзүбүз кооздойбуз” аттуу флеш-моб өткөрүштү.
Ага миң чамалуу адам катышуу ниетин билдирген. Бирок иш жүзүндө жыйырма чакты гана адам чогулду. Алар үйлөрүнөн оюнчуктарды көтөрө келишип, башкы балатыны эмес, Ала-Тоо кинотеатрынын алдындагы эки балатыны кооздошту.
Мурдараак мэриянын аянттагы балатысына ичи чыкпагандар, мэрия ири каражатка кунарсыз балаты жасады деп сындашкан. Өз кезегинде мэрия балатыны этап-этап менен кооздоп жаткандыктан, жарандар алгачкы этаптагы көрүнүшүн гана сындап жатышкандыгын билдирген.
Быйыл баш калаадагы балатыны кооздоо үчүн шаар бюджетинен 430 миң сомго жакын каражат сарпталган. (МТо)