Кечээ беткапчан белгисиз адамдар тарабынан Ош шаардык аэропортунун VIP-залынан уурдалган киши табыла элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Уурдалган адамдын колундагы беш баштыкта 5 миллион 679 миң доллар болгону тергөөдө маалым болду.
“Учурда иликтөө иштери уланып атат, азырынча шектүүлөр кармала элек”,- деди Сыдыков.
Учурда бир нече күбө окуя боюнча көрсөтмө берүүдө. Каракчылардын биринин фотороботу түзүлүп, жаш курагы 30-35терде экени болжолдонууда.
Бул Ош аэропортундагы алгачкы тоноочулук иш эмес. Буга чейин ага жакын жерде ири суммадагы акча тонолуп кеткен болчу. (ErN/MTo)