Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

АКШ жана Канада Токтогуловго агреман берди


Кадыр Токтогулов.
Кадыр Токтогулов.

АКШ жана Канада Кадыр Токтогуловдун ал өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиси болуп иштешине макулдук берди.

Бул тууралуу кечээ жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүп жатып президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Эми анын талапкерлигин парламенттин эл аралык саясат боюнча комитети карайт. 34 жаштагы Кадыр Токтогулов буга чейин президенттин маалымат катчысы болуп эмгектенген.

Буга чейин Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматын аркалаган Муктар Жумалиевдин иштөө мөөнөтү аягына чыкты. (МТо)

XS
SM
MD
LG