Кыргызстанда улуттук маанидеги 24 долбоор ишке ашырылат. Анын жалпы суммасы 7 млрд. доллар. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев кечээ жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынында билдирди.
Президенттин айтымында, улуттук ири долбоорлордун арасында энергетика тармагы бар.
“Жогорку Нарын каскады курулууда, “Датка” подстанциясынын курулушу аяктады. Камбарата-2 ГЭСинин маселеси да чечилди. Бул долбоорлор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздайт. Албетте долбоорлордун баары эле эки-үч жылда аягына чыкпайт. Мисалы, Токтогул ГЭСинин реконструкциясы 2021-жылы аяктайт”, - деди Атамбаев.(МТо)