Быйыл майрамдык шаан-шөкөт 27-декабрда белгиленди. Бул тууралуу Англиядагы кыргыз жамааты кабарлады. Майрамдык иш-чара "Паша" деген Лондондогу жалгыз кыргыз ресторанында өттү. Анда атайын оюн-зоок, ыр-бий жана майрамдык даамдар даярдалып, 100 чакты кыргызстандык чогулду.
"Пашадагы" майрамдык сый-тамакка Кыргызстандын жети облусунан келген жердештер жана британиялыктар катышты. Иш-чарага казакстандыктар дагы мейман болушту.
Британиядагы кыргызстандыктар Англиядан сырткары Шотландиянын Глазго, Эдинбург жана Абердин шаарларында жана Уэльстин Кардифф жана Суонси калааларында да жаны жылды бирге белгилешет.
Британия Кыргызстандан алты саат артта.