Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Бакудагы бюросунда иштеген 12 кызматкер 28-декабрь күнү бийлик тарабынан кармалып, кайра кое берилди. Аларды суракка тартуу учурунда адвокат алууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Төрт кызматкер ишемби күнү суракка чакырылган болчу, калган сегизине дүйшөмбүдө суракка келишпесе, күч менен алып келинери эскертилген.
Жума күнү Азербайжандын Башкы прокуратурасы “Азадлыгдын” Баку бюросун тинтүүгө алып, андан соң кеңсени жаап кеткен. Кеңсенин мөөрү, уюмдун документтери, компьютерлер жана башка жабдыктар тартылып алынган. Башкы прокуратура өкүлдөрү тинтүү сырттан каражат алган коммерциялык эмес уюм катары “Азадлыгдын” ишмердүүлүгүн иликтөөнүн алкагында жүрүп жатканын айтышкан.