Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөл бекеттери алынат

2015-жылдын 8-май айынан баштап, кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөл бекеттери алынат. Ага чейин Кыргызстан "Манас" жана Ош аэропортторуна, Торугарт, Эркеч-Там тилкелерине Бажы биримдигине талаптарына ылайык өткөрүү пункттары даярдалышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн жыйында билдирди.

Оторбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу боюнча келишимдин аткаруу үчүн тиешелүү министрликтерге тапшырма берди.

23-декабрда Москвада Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча келишимге кол коюлган. Эми ал келишим Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерде ратификациялангандан кийин күчүнө кирет. (TSh)

XS
SM
MD
LG