Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:01

Баткенде энерлердин өлүмү эки эсеге көбөйдү


Бул тууралуу Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан «Азаттыка» билдиришти. Маалыматка ылайык 2013-жылы облус боюнча төрөт мезгилиндеги энелердин өлүмү 7 болсо, быйыл жыл ичинде 14 эне каза болгон. Дарыгерлер төрөт мезгилиндеги энелердин көп каза болуп жатышына аймактагы калктын социалдык экономикалык абалы, толук кандуу тамактанбагандык жана аз кандуулук себеп экендигин айтышууда. Мындан тышкары миграцияда жүргөндөр кош бойлуу учурунда ден соолугуна кам көрбөй, төрөткө аз калганда Кыргызстанга келишкен учурлар да бар. Аймакта акушер-гинекологдор да жетишпейт. Республика боюнча 10 миң кишиге 24 акушер-гинеколог туура келсе, Баткен облусунда 15 миңдей адамга ушунча дарыгер туура келет. (JsA)

XS
SM
MD
LG