Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Түштүк Чыгыш Азияда кыйраган учак деңиз түбүндө жатышы мүмкүн


Индонезиянын деңиз күчтөрүнүн адмиралы Абдул Рашид издөө жүрүп жаткан аймакты көрсөтүүдө. 29-декабрь, 2014-жыл.
Индонезиянын деңиз күчтөрүнүн адмиралы Абдул Рашид издөө жүрүп жаткан аймакты көрсөтүүдө. 29-декабрь, 2014-жыл.

Баштапкы иликтөөлөр мына ушундай тыянак бергенин бүгүн Жакартадагы басма сөз жыйында Индонезиянын издөө жана куткаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин башчысы Бамбанг Соэлистио билдирди.

Анын айтымында, Индонезияда деңиздин түбүн карай турган жабдуулар жок болгондуктан, жардам сурап суу алдында жүрүүчү аппараттары бар өлкөлөргө кайрылды.

Малазиядагы “AirAsia” авикомпаниясынын Идонезиядагы бөлүмүнө караштуу Airbus 320-200 учагы бортундагы 162 кишиси менен кечээ эртең менен жоголгон.

Индонезиядан Сингапурга бара жаткан учактын учкучтары байланышка акыркы ирет чыккан кезде аба ырайынын начардыгынан улам бийиктикке болушунча көтөрүлгөнүн маалымдашкан.

Яван деңизинде жоголгон жүргүнчү учакты кемелердин, учактардын, тик учактардын издөөсү бүгүн да уланууда. (UE)

XS
SM
MD
LG