Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Турганбаев: "Кыргыз чоролорунун" түнкү клубду текшерүүсү мыйзамсыз


Бишкек шаарындагы "Таатан" соода борборунун жанындагы Караоке клубун текшергендердин аракети мыйзамсыз экенин ички иштер министри Мелис Турганбаев “Азаттыкка” билдирди. Турганбаев ар ким эс алуучу жайларды текшерүүгө алышы башка адамдардын укуктарын бузаарын айтууда.

Бүгүн социалдык тармактарга "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси аталган клубду текшерүүгө алган видеосун жарыя кылган. Алар текшерүү учурунда сойкулук менен алектенген 22 кыз жана 20 дан ашык көңүл ачуу үчүн келген кытай жарандары кармалганын билдирген. Булардын аракети социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. (TSh)

XS
SM
MD
LG