Расмий Сеул Пхеньянга жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүнү келерки айда өткөрүүнү сунуш кылды.
Түштүк Кореянын Биригүү иштери боюнча министри Лю Киль Чжэнин айтымында, алар сүйлөшүүлөрдө эки тарапты камтамага салган маселелердин баарын, анын ичинде 1950-53 жылкы согушта ажырап кеткен үй-бүлөлөрдү бириктирүү маселесине көңүл бурууну көздөйт.
Түштүк Корея тарап быйыл июлда биригүү иштери боюнча өкмөттүк комитет түзгөн.
Бирок Пхеньян комитеттин өзүн жана анын пландарын четке кагып, муну Түндүк Корея бийлигин кулатууну көздөгөн кутум деп атаган эле. (UE)