Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Орусияда экономика төмөндөдү


Ипотекалык кредит алгандардын Москвадагы нааразылык акциясы. 28-декабрь, 2014-жыл.
Ипотекалык кредит алгандардын Москвадагы нааразылык акциясы. 28-декабрь, 2014-жыл.

Экономика министрлиги бүгүн жарыялагандай, ноябрь айынын жыйынтыгы менен Орусиянын улуттук өндүрүшү 0,5%га кыскарган. Бул 2009-жылдын октябрынан берки алгачкы төмөндөө.

Орус өкмөтүнүн буга чейинки болжолуна караганда, 2015-жылы Улуттук дүң өндүрүш 4%га чейин кыскарары күтүүлүүдө.

Орусиядагы экономикалык төмөндөө дүйнөлүк базарда мунай баасы аразандаган жана улуттук акча-рублдин куну кеткен учурга туш келди.

Батыш украин кризисине байланыштуу киргизген санкциялардан улам орус компаниялары эл аралык каржы базарларынан мурдагыдай акча алалбай калды.

Рублдин нарксыздануусу инфляцияны да күчөттү. Орус өкмөтүнүн эсебинде, инфляция келерки жылы 10%дан ашып кетиши мүмкүн.(UE)

XS
SM
MD
LG