Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Украина НАТОго мүчө болушуна жол ачкан мыйзамга кол коюлду


Президент Петро Порошенко.
Президент Петро Порошенко.

Президент Петро Порошенко бүгүн жыл жыйынтыгына арналган басма сөз жыйында кол койгон мыйзам Украинанын бейтарап жана эч бир блокко кошулбоо маккамын жойот.

Президенттин айтымында, НАТОго кирип-кирбешти украин калкы өлкө качан аскерий альянстын стандарттарына даяр болгон кезде чечет. Бул үчүн беш-алты жыл талап кылынат.

Жаңы мыйзамга кол коюлушу менен Украинанын аскерий альянстарга кирүүсүнө тыюу салган 2010-жылкы мыйзам күчүн жоготту.

Жаңы мыйзамды украин парламенти 23-декабрда жактырып, ал орус тараптын кескин сынына кабылган эле.

Президент Петро Порошенко мыйзам парламентте талкууланып жаткан кезде Орусиянын “Украинага каршы агрессиясы көз карандысыздыктын, суверенитеттин, коопсуздуктун, аймактык бүтүндүктүн кыйла эффективдүү кепилдиги зарылдыгын жаратты”, -деп билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG