Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

АКШ Азербайжандагы адам укугунун абалына тынчсызданууда


АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Жеф Ратке дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында "Азадлыгдын" Баку бюросунун бийлик тарабынан жабылышын айыптады. Ал журналисттердин сурагы адвокаттарсыз жүрүп жатканын белгилеп, “бул мындан аркы тынчсызданууга негиз берет” деп айтты. Ал ошондой эле АКШ Азербайжан бийлигинен адам укуктарын коргоо боюнча кабыл алган милдеттенмелерин аткарууну талап кыларын кошумчалады. Раткенин айтуусунда, Эркин Европа/Азаттык радиосунун азери кызматынын Баку бюросу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Азербайжан президенти Илхам Алиевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин беш күндөн соң күч менен жабылып отурат:

- Биз Азербайжандагы жарандык коомго карата катаал чараларга кабатырбыз. АКШнын мамкатчысы Жон Керри адам укугу тууралуу маселени 21-декабрда Азербайжан президенти Алиев менен сүйлөшкөн учурда көтөргөн. Андан кийин эле биз Эркин Европа/Азаттык радиосунун Баку бюросу жабылганына күбө болдук, кеңсенин буюмдары конфискацияланып, кызматкерлер күч менен суракка алынды.

29-декабрда Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму да Эркин Европа/Азаттык радиосунун Бакудагы бюросуна жасалган рейдди жана анын жабылышын айыптап, муну “Азербайжандагы эркин медиага жана ой-пикир билдирүү эркиндигине дагы бир олуттуу сокку” деп атаган.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун азери кызматы – “Азадлыг” радиосунун Бакудагы бюросу 26-декабрда тинтүүгө алынып, документтер, маалымат топтолгон файлдар, жабдуулар конфискацияланып, кеңсе прокурорлор тарабынан жабылган. Бюронун 12 кызматкери 27-28-декабрь күндөрү суракка алынып, анын жүрүшүн ачыктабоого милдеттендирген документке кол коюшкан. Журналисттердин бир канчасы суракка бүгүн да чакыртылды. Бирок алардын укугун коргогон адвокат жок.

Азербайжан бийликтери “Азадлык” радиосунун Бакудагы бюросуна жүргүзүлгөн рейдди четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды иликтөө алкагындагы иш катары түшүндүрүүдө.

XS
SM
MD
LG