Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Ош аэропортундагы киши уурдоо боюнча жаңы жагдайлар чыгууда


Облустук ИИБнын маалыматы боюнча аэропорттун VIP залындагы карактоо видеотасмага тартылып калган. Анда каракчылар отуруп кеткен автоунаа дипломаттык номурда болгону жана ошол мезгилде аба майдандын эшиги ачык болгону көрүнүп турат деп билдирди ОИИБнын маалымат катчысы Жеңишбек Ашырбаев. Анын айтуусунда дипломаттык номурдагы автоунаалар аэропортко көп келгендиктен, өзгөчө шек туудурган эмес. Облустук милиция ошондой эле уурдалган акчалар экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун кызына таандык болгон деген маалыматтарды да четке кагууда. Кечээ айрым маалымат каражаттары акча менен кошо уурдалган Руслан аттуу жаран “Асман тур” туристтик агенттигинин башчысы экенин жазып чыгышкан.

27-декабрда Ош эл аралык аэропортунун VIP залына кара беткапчан жана куралчан адамдар кирип, бир кишини беш сумкасы менен кошо алып кетишкен. Барымтага алынды делген киши 29-декабрь күнү Араван районунан табылган, учурда сурак берүүдө. Аны менен кошо алып кетишкен беш баштык акча табылган эмес, тергөөнүн жүрүшүндө акчанын суммасы 5 млн. 679 миң доллар экени аныкталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG