Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:17

Баткен: өрттөлгөн үйлөр боюнча кылмыш иши козголду


Баткен районунун Тажикстандын Ворух анклавы менен чектеш Кара-Булак жайлоосундагы малчылардын өрттөлгөн 9 үйү боюнча Кылмыш жаза кодексинин 174-беренеси (бирөөнүн мүлкүн атайылап өрттөө) боюнча кылмыш иши козголгонун облустук ички иштер башкармалыгынан «Азаттыкка» билдиришти.

Жабырлануучу сегиз жаран 26-декабрь күнү Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп, келтирилген зыянды эсептөө үчүн атайын комиссия да иштеп жатат.

17-25-декабрда Кара-Булак айыл аймагынан 50 чакырымдай алыстагы жайлоодо тогуз үйдүн жана эки короонун өрттөлгөнү маалым болгон. Бул аймактагы жайлоону пайдаланган Бужун айылынын тургундары октябрь айында эле кыштоого түшүп кетишкен. Жайлоо Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешип, өрттөлгөн короолордон 500 метр ары жакта тажикстандыктарга тиешелүү да үй-жайлар болгон. Бирок кошуналар тараптан эч бир үй жабыркаган эмес.(JsA;ZKo)

XS
SM
MD
LG