24-декабрь күнү Ош облустук прокуратурасына Кара-Суу районунун тургуну кайрылып,Ош ШИИБнын тергөөчүсү камайм деп коркутуу менен 1,5 миң доллар талап кылып жатканын билдирген. Прокуратура бул арыздын негизинде кылмыш ишин козгогон. ИИМ басма сөз кызматынан маалымдашкандай, тергөөчү пара катары 10 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
Иликтеп-тергөө иштеринин кызыкчылыгына байланыштуу кармалган кызматкердин аты-жөнү айтылбайт. Учурда тергөө жүрүп жатат.(ZKo)