Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Жол кырсыгынан эки адам каза болду


Кеминдеги жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 16 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык кечээ, 29-декабрда Кемин районундагы Бишкек-Торугарт жолунун 105-чакырымында 24 жүргүнчүсү бар “Мерседес-Спринтер” авто унаасы менен “Лексус-RX-300” автоунаасы кагышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен “Лексус-RX-300” авто унаасынын эки жүргүнчүсу каза болгон. Ал эми “Мерседес-Спринтер” унаасынан 16 адам Кемин аймактык ооруканасына жеткирилген. Анын ичинен сегиз адам жеңил жаракат алгандыктан үйлөрүнө кетишкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG