Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

Бүгүн Ошко газ берилет


Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн кечинде шаарга газ бериле баштайт. Учурда газ түтүктөрүнүн текшерүү жүрүп жатат, оңдоп-түзөө иштери кечке чейин аяктайт. Бирок, көптөн бери берилбей жаткан газ кандай шартта берилип жатканы жөнүндө азыр расмий мекемелер билдирүү тарата элек.

Кыргыз өкмөтү “Кыргызгазды” быйыл жазында орусиялык “Газпромго” саткан. Андан көп өтпөй, 14-апрель күнү өлкөнүн түштүк аймагына газды "Кыргызгаз" аркылуу берип келаткан өзбекстандык "Узтрансгаз" орустар менен келишим жоктугун шылтоолоп, көгүлтүр от берүүнү токтотуп койгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG