Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

“Газпром Кыргызстан”: 2015-жылы газдын баасы кайра эсептелет


2015-жылдын январь айынан баштап доллардын курсуна жараша газдын баасы кайра эсептелет. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматынын өкүлү Рысбек Арунов билдирди.

Доллардын курсу жогорулаганына байланыштуу декабрь айы үчүн газдын баасы бир тыйынга кымбаттаган. Анда жарандар үчүн газдын баасы куб метрине 13,54 сомду, ал эми коммерциялык жана бюджеттик мекемелер үчүн 16 сом 30 тыйынды түзөт. Газдын баасы ай сайын доллардын курсуна жараша өзгөрүп турары алдын-ала айтылган.

14-апрель күнү өлкөнүн түштүк аймагына газды "Кыргызгаз" аркылуу берип келаткан өзбекстандык "Узтрансгаз" орустар менен келишим жоктугун шылтоолоп, көгүлтүр от берүүнү токтотуп койгон. “Газпром” команиясы өзбек тарап менен бир нече ирээт сүйлөшүүлөрдөн кийин Ошко газ берүү бүгүн жанданды. (TSh)

XS
SM
MD
LG